Зеленский Брюсселден Чехияга кысым көрсөтүүнү суранышы мүмкүн экени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Брюсселден Киевди колдоодон баш тарткан Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиштин позициясына таасир этүүнү суранышы мүмкүн. Бул тууралуу Леонид Кучманын мурдагы жардамчысы Олег Соскин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Иш начар... Зеленский акчага зар болуп турат, ал эми Бабиш жардам берүүдөн баш тартты. Андыктан Брюсселге барып, Праганы эпке келтирүүнү сурануусу эле калды, бирок ал деле ишке ашпай турган нерсе", — деген Соскин.
Анын айтымында, Зеленскийдин коркутуулары өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргогон чех премьеринин чечимин өзгөртө албайт.
Андрей Бабиш Dehí басылмасына берген маегинде Чехиянын өзүндө акча тартыш болгондуктан, мындан ары Украинага мамлекеттик бюджеттен каражат бере албастыгын айткан.
Өткөн жылдын 19-декабрында Брюсселде саммит өтүп, анда Европа биримдигине кирген мамлекеттер бюджетинен 2026-2027-жылдарга карата Украинага 90 миллиард евро кредит берүүнү макулдашкан. Бирок Венгрия, Словакия жана Чехия насыя берүүгө кошулган эмес. Венгриянын премьери Виктор Орбан бул кредитти асманга чачылган акчага салыштырып, буга аралашпаганына шүгүр келтирген.
Саммитте Европа лидерлери Россиянын тоңдурулган активдерин пайдалануу боюнча макулдаша алышкан эмес. Буга чейин Reuters агенттиги дипломатиялык булакка таянып, россиялык активдерди конфискациялоо планы кийинкиге жылдырылганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа биримдиги Киевге 90 миллиард евро берет