Трамп АКШ Венесуэланын президентин эмне үчүн кармаганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. АКШ лидери Дональд Трамп америкалыктар эмне үчүн Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармаганын түшүндүрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз башка бирөөнүн анын ишин улантуусуна жол бербейбиз. Андыктан чечимди чукул кабыл алып жатабыз", — деген АКШ лидери Fox News телеканалына.
Трамп Мадуро буга чейин сүйлөшүүгө даяр болгонун, бирок Вашингтон андан баш тартканын кошумчалаган. Президент Венесуэлага дагы чабуул болушу мүмкүн экенин четке каккан жок. Мадуро менен жубайы өлкөдөн тик учак менен чыгарылганы, азыр кеме менен Нью-Йоркко баратканы айтылды.
Трамп, мындан тышкары, Мексиканын президенти жакшы айым экенин белгилеп, бирок ал жакта картелдер башкарып жаткандыктан, өлкөнү "бир нерсе кылуу керектигин" айткан.
Эскерте кетсек, АКШ Венесуэлага куралдуу чабуул жасап, өлкө башчысы Николас Мадурону жубайы менен кармап кеткени белгилүү болгон. Ага баңги террорчулугу боюнча айып тагылып, Вашингтондо сот жообуна тартылаты айтылды.
Россия баштаган бир катар өлкөлөр АКШнын чабуулун кескин сындап чыгышты.
АКШ Венесуэланын президентин "баңги террорчулугуна" айыптоодо