Россия БУУдан Украинанын Херсон облусуна жасаган чабуулун айыптоосун талап кылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Москва БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынан Украина армиясынын Херсон облусуна жасаган чабуулун мүмкүн болушунча тез арада ачык айыптоосун талап кылууда. Бул тууралуу Россиянын Женевадагы эл аралык уюмдун туруктуу өкүлү Геннадий Гатилов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул трагедия жөнүндө унчукпай коюу нео-бандериттердин кандуу кылмыштарына ачык жардам көрсөтүү менен барабар", — деген Гатилов.
Ал бийликте кандай гана болбосун калып, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө тоскоолдук жараткан "Зеленскийдин жана анын айланасындагылардын акылсыз мыкаачылыгын" Россия чечкиндүү айыптай турганын белгилеген.
Эске салсак, 1-январга караган түнү Украина армиясы Херсон облусундагы кафе жана мейманканаларга дрон менен сокку уруп, анын кесепетинен 24 киши көз жумган. Андан улам чыккан өрт таңга жуук гана толук өчүрүлгөн. Губернатор Владимир Сальдонун айтымында, Киев бийлиги жарандарды атайылап өрттөгөн, анткени алардын ичинен бир дрондо жалын чачкан аралашма болгон.
Киев бийлигинин жырткычтыгына актоо жок. Матвиенко Херсондогу чабуулду айыптады
Теги: