БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Херсон облусунун Хорлы айылындагы кафе менен мейманканага украин куралдуу күчтөрү урган соккунун кесепетинен каза болгондордун саны 27 кишиге жетти. Бул тууралуу Россиянын тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгондордун ичинен экөө жаш бала экени аныкталган. Андан тышкары, ар кандай жаракат алган 31 адам ооруканага жеткирилген, алардын ичинен бешөө — балдар.
"Теракт болгон жерди текшерип караганда пилотсуз учуучу бир нече аппараттын сыныктары табылган. Иликтөөнүн алкагында 26дан ашык соттук экспертиза дайындалган. Алардын ичинде медициналык, генетикалык, жардыруу жана өрт боюнча түрлөрү бар", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 1-январга караган түнү Украина армиясы Херсон облусундагы кафе жана мейманканаларга дрон менен сокку урган. Губернатор Владимир Сальдонун айтымында, Киев бийлиги кишилерди атайылап өрттөгөн, анткени алардын ичинен бир дрондо жалын чачкан аралашма болгон. Чабуул үчүн НАТО өлкөлөрүндө өндүрүлгөн чалгындоочу пилотсуз учуучу аппараттар колдонулганы айтылды. Аймак башчысы болгон окуяга Британиянын атайын кызматтарынын катышы болушу мүмкүн экенин да жокко чыгарган жок. Россиянын тергөө комитети бул факт боюнча "Теракт" беренеси менен иш козгоду.
1-январь күнү түштөн кийин украин куралдуу күчтөрү аймакка дагы бир жолу чабуул жасаган. Алешкин округунун Тарасовка аймагында жүрүп бара жаткан автоунаага дрон сокку урган. Анын кесепетинен беш жашар бала каза болгон. Анын апасы, чоң атасы жана чоң энеси оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.