БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Украина куралдуу күчтөрүнүн Херсон облусундагы кафе жана мейманканаларга дрон менен жасаган соккусунан 24 киши каза болгонун губернатор Владимир Сальдо билдирди.
"Бүгүн түнү каршылаш тарап Жаңы жыл тосуп жаткан жай тургундарды көздөй атайылап сокку урду. Кара деңиздин жээгиндеги кафе менен мейманканаларга учкучсуз үч аппарат менен чабуул жасашты. Алдын ала маалымат боюнча, 50дөн ашык киши жаракат алып, 24 адам көз жумду. Сандар дагы такталууда. Көбү тирүүлөй өрттөнүп кеткен. Алардын арасында бала да бар", — деп жазган ал Telegram каналына.
Сальдонун айтымында, Киев бийлигии жарандарды атайылап өрттөдү, анткени бир дрондо өрт чыгаруучу аралашма болгон.
Өрт таңга маал гана өчүрүлгөнүн, медиктер жаракат алгандардын өмүрү менен күрөшүп жатканын кошумчалады.