Киев бийлигинин жырткычтыгына актоо жок. Матвиенко Херсондогу чабуулду айыптады

Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Украин куралдуу күчтөрүнүн Россиянын Херсон облусуна жасаган чабуулунан кийин Киев жетекчилигинин жырткычтык ырайымсыздыгына эч кандай актоо жок. Бул тууралуу РФтин Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко билдирди.
Чабуулдун кесепетинен 24 адам каза болуп, 50гө жакын адам жабыркаган. Алардын ичинде беш бала бар. Федерация кеңешинин төрайымы кол салууну уюштургандар мейманканада балдары менен эс алып жаткан тынч жарандар бар экенин билишкенин белгиледи.
"Биз руханий бузукулуктун жеткен чегине бетме-бет келип жатабыз. Адам өлтүрүү боюнча чечим кабыл алган адамдардын саясий келечеги болбошу керек", — деп белгилеген ал.
Ал эми РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова бул теракт үчүн Киевдин демөөрчүлөрүн айыптады.
Украинанын Херсондогу кафелерге жасаган чабуулунан 24 киши көз жумду