БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бейшембиде күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жергесинде 2…7, Талас аймагында 0…5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө 3…8, Ысык-Көл облусунда 1...6 градус жылуу болсо, Нарында -7…-12 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаада 4…6, Ош шаарында 6…8 градуска чейин көтөрүлөт.