Жөрөлгөнү Россияга Европадан Петр I алып келген. Ал 1699-жылы Жаңы жылды майрамдоону 1-январга которуп, борбор калаа Москваны, имараттарды карагай, арчанын жалбырактары менен жасалгалоого буйрук берет.
Балаты үй ичине XIX кылымда "көчүп кирген". Ага Николай Iнин жубайы Александра Федоровна себепкер. 1817-жылы болочок каныша жакындары үчүн Москва шаарында, бир жылдан кийин Петербургда балаты майрамын уюштурат.
ХХ кылымдын башында мектеп менен гимназияларда майрам өткөрүүгө Биринчи дүйнөлүк согуштан улам чиркөө тарабынан тыюу салынган. Октябрь революциясынан кийин кыска убакытка уруксат берилип, өткөндүн саркындысы катары дароо эле кайра баш тартышкан.
Балаты майрамы өткөн кылымдын 30-жылдарынын ортосунда кайтып келди. Азыркы биз көнгөн оюн-зоок, белек берүү менен коштолгон формат 60-жылдары калыптанып, ушу күнгө чейин кыштын сыйкырдуу кереметин тартуулап келет.
Тема боюнча: