30-декабрга карата аба ырайы

30-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 30-декабрь, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болсо, Нарын аймагында -8...-13 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +11...+13, Ош шаарында +8...+10 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңы жыл майрамында коомдук транспорт түнкү саат 3:00гө чейин иштейт