БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Чүйдүн Панфилов районунда жайгашкан балыктар үчүн тоют өндүрүүчү заводдун ишин көрдү .
Президенттик администрациядан билдиришкендей, "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын имараты май айында курула баштап, декабрда бүткөн. Ага 5 миллион доллар сарпталып, 7 гектар жерди ээлейт.
Завод суткасына 100-130 тонна продукция өндүрө алат. Ишкананын жетекчиси Илгиз Сарылдык уулу бул көрсөткүч республиканын ички муктаждыгын толугу менен камсыздоого жана экспорттук багытты өнүктүрүүгө шарт түзөрүн айтты. Объект ишке кирсе 100-120 жумуш орду түзүлөт.
Президент заводдун жетекчилигине сапат стандарттарын дыкат сактоону эскертип, балык чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнүн жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору азыктын жогорку сапаты экенин айткан.