Маск Европанын эли алмашып кеткенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск Европанын калкы алмашып кеткенин айтып, ага түшүндүрмө берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Миллиардердин айтымында, айрым маалыматтар боюнча, Европанын борбору Брюсселдеги балдардын 73 пайызы европалык эмес.

“Борбордогу балдардын 73 пайызы европалык эмес! Калктын алмашуусу жүрдү”, — деп жазган бизнесмен соцтармагына.

Буга чейин Маск Брюсселдеги балдар статистикасына сереп салып, Бельгиянын борбору бельгиялык болбой калганын айткан. Буга РИА Новости таанышып чыккан статистикалык маалыматтар далил: Брюссель тургундарынын 78 пайызынын теги бельгиялык болуп саналбайт.