КамАЗдын алдына кирип кеткен. Жумгалда жол кырсыгынан эки киши каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жумгалда КамАз менен жеңил унаа сүзүшүп, анын кесепетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 27-декабрда түштөн кийин болгон. Кырсыктан жаракат алгандар дагы бар.
Башкармалыктан билдиришкендей, Балыкчы — Казарман автожолунда бара жаткан Shacman жүк ташуучу унаанын айдоочусу 173-чакырымда кооптуу бурулуштан алдында бара жаткан КамАЗдан озуп өткөн. Ошол учурда каршы тилкеде келе жаткан Honda Odyssey машинасынын айдоочусу унаасын каршы тилкеге буруп жиберген. Натыйжада жеңил унаа менен КамАЗ сүзүшкөн.
Үч автоунаа тең айып короого токтотулгандыгы маалым болду. Факт Жумгал РИИБинин кылмыштарды жана жоруктарды каттоо китебине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин соцтармактарга кырсыктын видеосу тараган. Жүк ташуучу унаанын алдында жаткан жеңил автомашина талкаланып калган.
Кара-Балтада КамАЗ сүзгөн эки окуучу бала каза болуп калды