БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет бир аптага, тагыраагы, келе жаткан жылдын 4-январына чейинки аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, апта ичинде кар жаап, жаан чачындуу күндөр да болот. Кар токтоп, күн ачылган учурлар да болору айтылды. Абанын температурасы түндүк аймактарда +3 градуска чейин көтөрүлсө, түштүктө +4 градуска жетет. Жолдор тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 29-30-декабрда түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Бишкек
29-30-31-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-декабрда кечке маал жаан жаашы мүмкүн. 1-январда түнү кар жаап, күндүз күн ачылат. 2-3-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-январь кайра жаан-чачындуу болот.
Чүй, Талас
Синоптиктер 29-декабрда айрым жерлерде кар жаай турганын билдиришти. Күндүз жаан-чачын токтогону менен туман түшүшү ыктымал. 30-декабрда кар жаабайт. 31-декабрда облустардын көпчүлүк бөлүктөрүндө жаан-чачын болот. 1-январь да жаан менен башталып, 2-январда күн ачылары болжолдонууда. Эртеси да жаан болбойт. Бирок аптанын соңку күнүндө кайрадан кар жаайт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Өлкөнүн түштүк бөлүгүндө апта жаан менен башталат. Жаан-чачындуу аба ырайы аймакта 1-январга чейин уланат. 2-3-январда кар токтоп, күн ачылат. Бирок аптанын аягында, 4-январда, түнү кайра кар жаайт.
Ысык-Көл, Нарын
Аталган облустарда 29-декабрдын түнүндө кар жаайт. 30-31-декабрда жаан-чачын болбойт деп айтылды. 1-январда түнү кайрадан кар жаап, бирок 2-3-январда күн ачык болору күтүлүүдө. 4-январда айрым жерлерде кар жаайт.