Бишкекте мэрдин балаты майрамы өттү. Шаар башчысы балдарга эмне кеңеш берди

Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкектеги "Жаштык аренада" балдар үчүн мэрдин жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу шаардык администрациянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Майрамдык иш-чарага жакшы окуган, мектептеги коомдук иштерге активдүү катышкан, шаардык жана республикалык сынактардан жеңген окуучулар, ошондой эле көп балалуу жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн болжол менен 3000 бала катышты

2 / 2

Кичинекей коноктор үчүн кызыктуу майрамдык программа даярдалып, "Кыргызстандын 7 керемети" аталышындагы театрлаштырылган көрсөтүү тартууланды

Майрамдык иш-чарага жакшы окуган, мектептеги коомдук иштерге активдүү катышкан, шаардык жана республикалык сынактардан жеңген окуучулар, ошондой эле көп балалуу жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн болжол менен 3000 бала катышты.
Кичинекей коноктор үчүн кызыктуу майрамдык программа даярдалган. Балдар "Кыргызстандын 7 керемети" аталышындагы театрлаштырылган көрсөтүүнү көрүштү. Бул спектакль балдарды Кыргызстандын маданий мурасы, каада-салты жана руханий баалуулуктары менен кызыктуу форматта тааныштырды.
Балаты майрамына Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов келишкен.
Шаар башчысы балдарды Жаңы жылы менен куттуктап, бекем ден соолук, окууда ийгиликтерди, чыгармачылык жетишкендиктерди, бактылуу балалыкты жана эң асыл тилектеринин орундалышын каалады.
"Силер — биздин келечегибизсиңер. Ошондуктан ар дайым адилеттүү, максатка умтулган жана эмгекчил болгула. Кыялдануудан коркпогула жана өзүңөргө ишенгиле. Ата-энеңерди, мугалимдериңерди жана улуу адамдарды сыйлагыла", — деген Жунушалиев.
Бишкекте өткөн президенттик балатыга өлкө аймагынан 1100 бала катышты. Сүрөт