29-декабрга карата аба ырайы

29-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жергесинде 8…13, Талас аймагында 7…12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө 9…14, Ысык-Көл облусунда 4...9 градус жылуу болсо, Нарында -4…-9 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаа жана Ош шаарында 11…13 градуска чейин көтөрүлөт.
Суук күчүндө эле болот. Январдагы аба ырайынын божомолу