Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленскийдин үзөңгүлөшү Миндич коррупция жаңжалы боюнча биринчи жолу үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин үзөңгүлөшү болуп жүрүп, Израилге качкан Тимур Миндич энергетикадагы ири коррупцияда өзүнө тагылган айыптар боюнча биринчи жолу комментарий берип, “күнөөнү ага илип” коюшканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Менин ишимдин 90%ын түзгөн чоң медиалык кейс бар. Медиада мени жаман атты кылып, күнөөлүү кылып коюшту... Мен эч нерсе билбейм”, — деген МИндич “Украинская правда” басылмасы жарыялаган видеодо.
Басылма Миндич менен маек Израилде болгонун билдирген.
Зеленскийдин үзөңгүлөшү мындан тышкары, юридикалык кейс да бар экенин белгилеп, бирок ал боюнча комментарий бербей турганын айткан.

Украинадагы коррупциялык жаңжал

Өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени маалымдалган.
Агенттик ошондой эле Украинанын энергетика тармагындагы уурулук схемаларынан түшкөн акча Киевдин борборундагы кеңсе аркылуу адалданганын аныктаган.
Украина өкмөтү компанияны жана мурдагы энергетика министри Герман Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, аталган иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат.
Кеңештин жаңы курамы бир жуманын ичинде өкмөткө киргизилиши керек. Министрлер кабинети Мамлекеттик аудит кызматына "Энергоатом" ишканасын, анын ичинде сатып алуу иштерин текшерүүнү тапшырган.
Рада депутаты: Зеленскийдин үзөңгүлөшү Миндичке чыккынчылык боюнча иш козголду