БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жекшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Чүй жергесинде +7...+12, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +6...+11, Ысык-Көл облусунда +1...+6 градус жылуу болсо, Нарында -1...-6 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ош шаарында +9...+11 градуска чейин көтөрүлөт.