Эмгек министрлиги: III кварталда 800дөн ашык бала үй-бүлө тапты

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ушул жылдын үчүнчү кварталында 800дөн ашык бала үй-бүлө тапты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 492 бала камкордукка берилсе, 370 бала улуттук асыроого өткөрүлдү, дагы эки бала чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынган.
"Балдарды кабыл алган бардык үй-бүлөлөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, камкордук органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул иш-чара ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Радио
Умаржан кызы: үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар көбөйүп жатат