БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. 27-декабрь, ишембиде, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -1...+4, Талас аймагында -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5 градус жылуу болсо, Нарында -2...-7 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте +2...+4, Ош шаарында +5...+7 градуска чейин жылыйт.