БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Советтик жана россиялык белгилүү актриса Вера Алентова 83 жашында дүйнө салганын РИА Новости кабарлады.
Россиянын эл артисти 1942-жылы 21-февралда Архангельск облусунун Котлас шаарында төрөлгөн. 60 жылдан бери Пушкин театрында иштеп келген.
Алентова "Москва слезам не верит", "Завтра была война", "Ширли-Мырли" тасмалары менен таанылган.