СССРдин ыдырашы, Горбачевдун соңку сөзү. Тарыхый видео

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 34 жыл мурда СССРдин президенти Михаил Горбачев отставкага кеткендигин жар салып, Кремлдеги кызыл тууну түшүрүп, Россиянын азыркы туусун көтөрүшкөн.
Ал элге кайрылып жатып, президенттик кызматтан "принциптеринен улам" кетип жаткандыгын айткан.
Горбачев кайрылуунун текстин окуп бүткөн соң столдун үстүндөгү чай куюлчу чашканы бир саам тиктеп отурган. Ал бош эле. Көз айнегин чечип, столдон турган.
СССР президентинин айткандарына ичи чыкпаган Борис Ельцин экс-президенттин кабинетиндеги өзөктүк шифрлерди кабыл алуудан баш тартып, ал ишти "нейтралдуу аймакта" жасоону сунуштаган. 10 мүнөт өтпөй маршал Шапошников советтик өзөктүк куралды башкара турган коду бар кейсти алган.
Бул Горбачевдун Кремлдеги соңку сааттары эле. Эч кандай узатуу ырасымы жасалган эмес. Эртеси СССР өлкө болуусун расмий токтоткон.
СССР, путч, эгемендүүлүк. Кыргызстандын тагдырын чечкен 12 күндүн баяны