Көк бөрү федерациясынын президенти кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Көк бөрү федерациясынын президенти алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Ж.Р.М. атайын кызматтагылар менен байланышы бар экенин айтып, текшерүүлөрдөн калкалай турганын убадалаган. Анысы үчүн жеке ишкананын жетекчисинен 390 миң доллар алганы айтылды.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.
Салык кызматы шылуундардан сак болууну эскертти