Жаңы ажырашкан жубайын өлтүрүүгө шектүү экс-милиционер тууралуу эмне белгилүү

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кечээ кечинде сот аркылуу ажырашкан жубайын травмативкалык тапанчадан атып өлтүрдү деп шектелген экс-милиционер кармалды.
Милициянын маалыматына караганда, Б.У. аттуу шектүү келинди жумуштан кийин тосуп алып, күчтөп унаага салып белгисиз тарапка алып кеткен.
Экс-милиционер тууралуу маалымат:
1977-жылдын 2-августунда төрөлгөн, каттоосу Бишкекте;
буга чейин Бишкек шаарынын жол милициясында иштеп (азыркы Кайгуул милициясы), инспектор-инженер кызматын аркалаган. Аскердик наамы — ага лейтенант;
аңчылыкка уруксат берген күбөлүгү болгон, аялды аткан травматикалык тапанчага расмий уруксаты бар экени аныкталган;
спорт клубдарынын биринде машыктыруучу болуп иштеп, пауэрлифтинг менен машыккан;
"Мүмкүнчүлүгү чектелбеген дүйнө" паралимпиадалык кыймылынын федерациясы аттуу коомдук бирикменин жетекчиси жана тең негиздөөчүсү болгон. Маркум аял да ушул уюмдун тең негиздөөчүлөрүнүн бири экени айтылды;
2021-жылы ал саясий партиялардын биринин курамында Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан. Ал кезде расмий түрдө жумушсуз деп көрсөтүлгөн. Бирок партия шаардык кеңешке өткөн эмес.
Конституциялык сот: өлүм жазасын кайтаруу Баш мыйзамга, эл аралык нормаларга каршы келет