Садыр Жапаров эки министрликтин башчыларын дайындады

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Гүлзат Исаматова илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Президенттик администрациянын маалымат кызматы Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгонун билдирди.
Исаматова 42 жашта, 10 жыл бою Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институтун жетектеп келген.
Эске салсак, буга чейин министр Бактияр Орозов 15-декабрда кызматтан бошотулган.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.
Ал 46 жашта, буга чейин УКМКнын коррупцияга каршы кызматында жетекчилердин бири болгон жана ушул кезге чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеген. 1-декабрда мурдагы министр Эркин Чечейбаевдин ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Президенттин маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков саламаттык тармагына эмнеге атайын кызматтын адиси келгенин түшүндүргөн.
Ош облусуна жетекчи болуп Аманкан Кенжебаев дайындалды. Таржымалы