Жаңы жыл майрамында азык-түлүк эреже менен сакталбаса ар кандай коркунучтуу микроорганизмдер пайда болот. Бул тууралуу Бермет Журупова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тамак-ашты муздаткычта сактаганда оозун жаап, температурасын да текшерүү керек.
"Майрамдык дасторконду даярдоодо калориялуу тамактарга басым кылабыз. Мисалы, майонез кошулган салаттарды сөзсүз жасайбыз. Газдалган таттуу суусундуктар да көп ичилет. Мындан улам Жаңы жылдын эртеси кыйналабыз. Организм кыйналбашы үчүн майрамга карабай күнүмдүк режимди кармап, аз өлчөмдө жеш керек. Ошондой эле тамак-ашты муздаткычта эрежеси менен сактоо маанилүү. Эч качан чийки азыктарды бышырылган тамактар менен бирге же үстүн жаппастан сактабаш керек. Кээ бирлер жумуртка сакталган муздаткычка тамактын оозун жаппай коюп коёт. Бул туура эмес. Анткени жумуртканын кабыгында сальмонелла көп болот, температуралык режим сакталбаса, ал тамакта өрчүп баштайт, анан ууланабыз. Этти жана эттен жасалган азыктарды жашылчадан өзүнчө сактаган жакшы", — деди Журупова.
Ал ошондой эле Жаңы жыл майрамында оор тамактарды кечки саат 18:00гө чейин жеп, андан кийин жашылча-жемишке басым жасоо организмге пайдалуу экенин кошумчалады.