Бишкек — Ош жана Бишкек — Манас багытындагы авиабилеттер эмне үчүн арзандабайт

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому Бишкек — Ош жана Бишкек — Манас багытындагы авиабилеттер эмне үчүн арзандабай турганын түшүндүрүп берди.
Эскерте кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров ички авиакаттамдарды субсидиялоо тууралуу тапшырма берген. Бирок бул чара Талас, Нарын, Кербен, Казарман, Баткен, Раззаков жана Каракол багыттарына гана тиешелүү болору айтылган.
"Кыргызстан аэропорттору" компаниясынын маалыматына ылайык, Ош жана Манас багыттары ички рыноктогу суроо-талап эң жогору каттамдардын катарына кирет. Мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы азырынча бул багыттардагы каттамдарды толук кандуу тейлөөгө жетишпейт.
Аталган багыттарда башка жеке компаниялар да иштегендиктен атаандаштыкты сактоо зарыл экени белгиленди. Бир авиакомпаниянын бааны төмөндөтүшү жалпы рынокко таасир этет жана башка ташуучуларды адилетсиз абалга кептеп, мындай шартта иштөө аларга кирешелүү болбой калары айтылды.
"Манас" аэропортунда каттамдар жанданды