БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкө боюнча күн ачык болот, айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 1…6, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 2…7, Ысык-Көлдө 0...5, Нарын өрөөнүндө -1…-6 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте 2…4, Ош шаарында 3…5 градус болот.