БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Токтогулдун кыштоолорунда калың түшкөн кардан улам тоютсуз калган мал-жандыкты айдап келүү үчүн жерине жергиликтүү тургундар тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматта 16 адам мал-жандыгы менен Толук айылына алып келинип, төрт киши бүгүн жакага түшөрү маалым болду.
"Ал эми алты малчы тамак-ашы жана тоюту убактылуу жетиштүү болгондуктан айылга малын айдап келүүдөн баш тарткан. Тоют, күйүүчү май маселеси менен ички чарбалык жолду тазалоо иштерин жергиликтүү бийлик мойнуна алган", — деп айтылат кабарда.
Эскерте кетсек, буга чейин кардан улам Токтогулдун кыштоолорундагы 13 короодо 26 малчы менен 7 760 баш мал азык-түлүксүз, тоютсуз калганы маалымдалган.