БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Калың жааган кардын кесепетинен Токтогул районуна караштуу Толук айыл аймагынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан кышкы жайыттарда абал оорлоду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпы 13 короодо 26 малчы менен 7 760 баш мал азык-түлүксүз, тоютсуз калган. Алар: 7 250 майда жандык, 330 баш бодо мал, 180 баш жылкы дешти.
Айылдыктар мындай абалдан улам 21-декабрда ӨКМге кайрылышкан.
"22-декабрда райондук Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү абалга мониторинг жүргүздү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жайытка жөө барчу жолдун аралыгы болжол менен 50 чакырымды түзөт. Учурда кырдаал ӨКМ кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынды", – деп айтылат маалыматта.