БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. ЕАЭБдин биргелешкен ИДПсы өсүүдө, көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан — чемпион. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында өткөн ЕАЭБ саммитинде билдирди.
"ЕАЭБдин биргелешкен ИДПсы өсүүдө. Көрсөткүчтөр боюнча 10 пайыздан жогорку өсүш менен Кыргызстан чемпион болду. Бул сонун көрсөткүч. Кыргызстандын президентин жана анын командасын бул жыйынтыгы менен куттуктайбыз", — деди ал.
Путин ошондой эле биримдиктин айыл чарба продукциясы эки пайызга, чекене соода үч пайызга, курулуш 4,7 пайызга өскөнүн белгиледи.
Мындан тышкары, Россия жетекчиси ЕАЭБ өлкөлөрү беш жылга каралган евразиялык экономикалык интеграцияны ишке ашырганына токтолду. Анын айтымында, соодадагы көптөгөн тоскоолдуктар жоюлуп, административдик иштер калыпка түшүп, бажы жана салык жаатындагы координация жакшырып, кооперативдик долбоорлорду колдоо механизми ишке кирди.
РФ лидери мындан аркы интеграциялык иш 2045-жылга чейин макулдашылган “Евразиялык экономикалык жол” декларациясынын алкагында болушу керектигин белгиледи.
Путин ошондой эле ЕАЭБ менен Индонезиянын ортосундагы эркин соода боюнча келишим жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына токтолду.