БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы коммерциялык келишимдердин 96 пайыздан ашыгынын эсеп-чоту улуттук валюта менен жүрөт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин КМШ лидерлеринин бейформал саммитинде билдирди.
РФ лидери Санкт-Петербургда төмөнкүлөргө да токтолду:
КМШ беделдүү биримдик катары өзүн таанытты;
КМШнын алкагындагы валюта-финансы тармагындагы кызматташуу кеңейип жатат;
шериктештиктин өлкөлөрү технологиялык суверендүүлүгүн бекемдөөдө;
террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү КМШнын негизги багыты бойдон калууда;
шериктештиктин алкагында өнөктөштүктү арттыруу биримдикке мүчө мамлекеттердин түпкү кызыкчылыктарына шайкеш келет;
Евразия мейкиндигинде жаңы өндүрүштүк жана транспорттук байланыштар түзүлдү. Түндүк — Түштүк жана Чыгыш — Батыш багытындагы логистикалык коридорлор жаңыланууда;
шериктештикке кирген мамлекеттер бирдиктүү маданий-гуманитардык мейкиндикти сактоо жана жарандар арасындагы алакаларды кеңейтүү багытында кызматташууда. Анткени элдерди салттардын, маданияттардын, руханий баалуулуктардын жана туугандык байланыштардын тамыры бириктирет;
2025-жылы КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы көп тармактуу кызматташтык жалпысынан ийгиликтүү өнүктү. Россия менен КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы сооданын 10 айда дээрлик 90 миллиард долларга жеткени муну далилдеп турат.