Лукашенко: ЕАЭБ тышкы кысымдан алсыраган жок, тескерисинче ролун күчөттү

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнө тыштан катуу басым көрсөтүлүп жаткан шартта, биримдик өзүнүн ролун күчөттү. Ал эми ага мүчө мамлекеттердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чыңдалды. Бул тууралуу Беларустун президенти Александр Лукашенко Санкт-Петербургдагы ЕАЭБ саммитинде билдирди.
“2020-2024-жылдары ЕАЭБдин экономикасы 11 пайызга, өнөр жайы 15 пайызга, айыл чарбасы 10 пайызга өстү. Эгерде биримдикте жумушсуздуктун деңгээли 2020-жылы дээрлик алтыпайызды түзсө, 2024-жылы үч пайызга жакын болду”, - деди ал.
Лукашенко белгилегендей, быйыл ЕАЭБдин негизги экономикалык көрсөткүчтөрү оң тенденцияны сактап турат. Бардык мүчө мамлекеттерде айлык акы өсүп, жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли сакталууда. 2025-жылга карата евразиялык жана экономикалык интеграциянын жаңы этабы үчүн бекем негиз түзүлдү.
Беларусь президентинин дагы башка айткандарынан:
ЕАЭБдин өнөр жайлык мүмкүнчүлүгү толук кандуу пайдаланыла элек, негизги тармактарда жана технологиялык чөйрөлөрдө конкреттүү кызматташтык долбоорлорун ишке ашырууга даярбыз;
ЕАЭБ алкагында сунушталган финансылык колдоо куралына экономиканын реалдуу сектору тарабынан кызыгуу күч алууда;
Импорттон көз карандылыкты азайтуу үчүн айыл чарба тармагында чечкиндүү кадамдар керек;
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аграрчылары жарандарыбызды гана бакпастан, дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда да олуттуу орун ала алышат;
ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттер менен өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болгон транспорттук-логистикалык потенциалды чыңдоо зарыл;
транспортту санариптештирүү, үзгүлтүксүз кыймылды түзүү жана ЕЭКтин аянтчасында тиешелүү чечимдерди иштеп чыгуу өзгөчө көзөмөлдө болушу керек;
санариптик чөйрө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө олуттуу салым кошушу керек, бирок союздун ичинде кошумча тоскоолдуктарды жаратпашы зарыл;
жаңы өнөктөштөрдүн тизмесин түзүү милдети турат жана каалоочулар да көп;
Чек арадагы кезектерди жоюу, билим алууга тоскоолдуксуз мүмкүнчүлүк түзүү жана квалификация жөнүндөгү документтерди таануу, салттуу төлөм каражаттарын чектөөсүз колдонуу мүмкүнчүлүгү үчүн бизде дагы иштей турган нерселер бар.
ЕАЭБде экономикалык кызматташуу күчтөндү. Жапаровдун саммиттеги билдирүүсү