23-декабрга карата аба ырайы

23-декабрга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республикада туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -3…+2, Талас аймагында -1…+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жана облустарында 0…5, Ысык-Көл жергесинде -1...+4 градус жылуу болсо, Нарында суук көбүрөөк сезилип, термометр -1...-6 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада 0…2, Ош шаарында 2…4 градус жылуу болот.
Суук күчүндө эле болот. Январдагы аба ырайынын божомолу