БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. ЕАЭБ алкагындагы экономикалык кызматташуу өнүгүп гана тим болбостон, күч алууда. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында өткөн ЕАЭБ саммитинде билдирди.
Өлкө лидеринин кебинин урунттуу учурлары:
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода дээрлик 100 миллиард долларга жетти. Бул бири-бирибизге болгон ишенимдин, кызыгуунун көрсөткүчү;
Быйыл ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча көптөгөн иштер жасалды;
Быйылкы жыл оңой болгон жок. Бирок ага карабастан Кыргызстандын ИДПсы 11 айда 10,2 пайызга өстү. Бул биздин биргелешкен эмгегибиз;
Соода жана энергетика коопсуздугу алдыңкы орунга чыгууда. ЕАЭБ бул жааттарда ишин күчөтөт.