БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Владимир Зеленский Украина 800 миң кишилик армияны кармап турууга кудурети жетпей турганын моюндады. Бул тууралуу РИА Новости украиналык "Новости.LIVE" телеканалына таянып жазды.
“Каражат тартыш, армияны кармап турууга алыбыз жетпейт. Мен ошондуктан өлкө лидерлери менен сүйлөшүп, коопсуздугубуз үчүн армиябызды жарым-жартылай өнөктөштөр аркылуу каржылоону карап жатам”, — деген Зеленский.
Буга чейин New York Times гезити Евробиримдик менен АКШнын өкүлдөрү Киевдин коопсуздугунун кепилдиги боюнча эки документти макулдашканын жазган. Анда европалык күчтөрдү Украинага жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралганы айтылган. Бул украин армиясынын санын тынчтык мезгилдеги деңгээлине чейин, тагыраагы, 800 миң адамга чейин кыскартуу, ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик даярдыгын жана техникасынын заманбап деңгээлин сактап калуу дегенди түшүндүрөт.
Буга чейин Washington Post басылмасы документке шилтеме берип, европалык аткаминерлер Украинанын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чектеген жана аймактардан баш тарттырган шарттарга каршы болгон сунуштарын иштеп чыкканын билдирген. ЖМКнын айтымында, Европа Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын АКШ сунуштаган 600 миң эмес, 800 миң кишилик кылып калтырууну сунуштоодо.
АКШнын тынчтык демилгеси жана европалык "өзгөртүүлөр"
Ноябрда Кошмо Штаттардын администрациясы Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык демилгесин иштеп чыкканын жарыялаган. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, бул планда Донбасстын бүт аймагын Москванын карамагына өткөрүү жана Крымды Россиянын аймагы катары расмий таануу, Запорожье, Херсон облустарындагы кагылышууну жүрүп жаткан жеринен токтотуу камтылган. Мындан тышкары, Украина куралдуу күчтөрүнүн санын эки эсе кыскартуу, Россиянын аймагына терең сокку урууга жөндөмдүү чет элдик аскерлерди жана курал-жаракты Украинага киргизүүгө тыюу салуу каралган.
23-ноябрда Женевада Евробиримдиктин, АКШ жана Киев өкүлдөрү жолугуп, анда америкалык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланган. Reuters жана The Telegraph агенттиктери өзгөртүүлөрдүн эки версиясын жарыялашты. Биринчиси боюнча Евробиримдик Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын 800 миң деп белгилөөнү сунуштаса, экинчисинде эч кандай чектөө жок.
Запорожье АЭСи боюнча Reuters агенттигинин маалыматына караганда, аны МАГАТЭнин көзөмөлү астында кайра иштетүү сунушталып, өндүрүлгөн электр энергиясы Россия менен Украинанын ортосунда тең бөлүштүрүлөт. Ал эми Telegraph жарыялаган сунушта заводду толугу менен Киев режиминин карамагына берүү көрсөтүлгөн.
Айрым булактардын айтымында, европалык планда Украинага тынчтык мезгилинде НАТО күчтөрүн киргизүүгө тыюу салынат, ал эми башка маалыматтар боюнча, чет элдик аскерлердин кириши тууралуу чечимди Киев кабыл алат. Ошол эле маалда, эки медианын тең билдирүүсү боюнча, Евробиримдиктин планында фронт линиясындагы жаңжалды токтотуу каралган. Бул АКШнын Украина Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгаруу планынын башкы пунктуна карама-каршы келет.