БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрь түнү, иш сапары менен Россияга барды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчыны "Пулково" эл аралык аэропортунан Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов тосуп алды.
Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Ошондой эле Россия презденти менен жолугушуусу пландалган.