БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет 29-декабрга чейинки аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, апта ичи күн ачык болуп, айрым күндөрү кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түндүк аймактарда күндүз +5 градуска чейин көтөрүлсө, түштүк региондордо +8 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Чүй, Талас
Синоптиктер 22-декабрда айрым жерлерге туман түшүп, 23-декабрда кар жаай турганын билдиришти. Андан кийин күн ачылып, 26-декабрда жаан-чачын болушу ыктымал. Жума аягында дыйканчылык аймактарда күн ачылып, бирок тоолорго кар түшөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Өлкөнүн түштүк жергесинде апта ичи жаан-чачын жаабайт. Айрым тоолуу аймактарда гана туман түшүп, кар жаашы божомолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ысык-Көл, Нарын
23-24-декабрь күндөрү айрым жерлерде кар жаайт. Калган күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.