БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн айрым жерлеринде туман тушүп, кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -2…+3, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…5, Нарын өрөөнүндө 0…-5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 1…3, Ош шаарында 2…4 градуска жетет.