БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Украинада Владимир Зеленскийдин үзөңгүлөшү болуп жүрүп, Израилге качкан Тимур Миндичке мамлекеттик чыккынчылык боюнча иш козголду. Бул туурасында Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко* билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мамлекеттик чыккынчылык боюнча Миндичке иш козголду", — деп ал Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматына таянып жазган.
Депутат билдиргендей, ал өзүнүн депутаттык суроо салган катын бизнесмендин батирине коюлган тыңшоолордын жыйынтыгы жарыялангандан кийин, дароо, ноябрь айында эле жөнөткөн.
Ал эми декабрдын ортосунда алынган Украинанын Коопсуздук кызматынын жообунда Миндичке жана "аны менен байланышкан адамдарга" карата сотко чейинки иликтөө башталгандыгы айтылган. Бирок алардын тизмеси ачыкталган эмес.
Ал ошондой эле Миндичтин мамлекеттик сырларды билип турууга уруксаты бар-жогун, анын Россиянын атайын кызматтары менен байланыштарынын ыктымалдыгы, Владимир Зеленскийге жана Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Рустем Умеровго тийгизген таасири тууралуу маалыматтарды да сураганын билдирген.
Украинадагы коррупциялык жаңжал
Өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени маалымдалган.
Агенттик ошондой эле Украинанын энергетика тармагындагы уурулук схемаларынан түшкөн акча Киевдин борборундагы кеңсе аркылуу адалданганын аныктаган.
Украина өкмөтү компанияны жана мурдагы энергетика министри Герман Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат.
Кеңештин жаңы курамы бир жуманын ичинде өкмөткө киргизилиши керек. Министрлер кабинети Мамлекеттик аудит кызматына "Энергоатом" ишканасын, анын ичинде сатып алуу иштерин текшерүүнү тапшырган.
* Россияда сыртынан өкүм чыгып, террорчулар менен экстремисттердин тизмесине кирген