БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Японияга жасаган расмий сапары аяктаганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров аталган өлкөгө 18-декабрда барган. Бул күнү Япониянын императору Нарухито менен жолуккан.
20-декабрда "Борбор Азия – Япония" диалогунун биринчи саммитине катышып, бир катар маселелерди көтөрдү.
Президент андан ары "Борбор Азия + Япония" диалогу бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтерди жарыялоо аземине катышкан. Иш-чаранын алкагында туруктуу өнүгүү, "жашыл" экономиканы түзүү, санариптештирүү, IT-индустриясын, ошондой эле адамдык капиталды жана билим берүүнү өнүктүрүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, Жапаров өлкөнүн премьер-министри Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда тараптар саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда алаканы бекемдөөнү, соода жана инвестицияны көбөйтүүнү, "жашыл" энергетика, кадрларды даярдоо, спорт, туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулаган.
Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.