БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. 21-декабрь, жекшембиде айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты “Кыргыз гидрометеорология” кызматы таратты.
Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас аймагында -2...+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында -1...+4 градус болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -4...+1 градусту көрсөтөт.
Ал эми борбор калаада -1…+1, Ош шаарында +1...+3 градус болот.