БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкек ШИИББи милиционер тарабынан зордукталды деген жашы жете элек кыз боюнча окуянын чоо-жайын кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейин борбор калаанын Свердлов райондук ИИБинин участкалык милиционери жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип кармалганы белгилүү болгон.
Милициянын маалыматы боюнча, жабырлануучу 8-класстын окуучусу. Ал жашы жете электер боюнча иштеген инспекторго ноябрь айынын аягында кайрылып, "милиционер менен жакын мамиледе болгонун" айтып берген.
Факт боюнча "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Укук коргоо органынын шектүү кызматкери Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Тергөө амалдары уланууда.