Макрон Европага Путин менен диалогду кайра баштоону сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Россиянын лидери Владимир Путин менен диалогду кайра жандандыруу Европага "пайдалуу" болорун билдирди. Бул тууралуу AFP жазды.
"Талкууну кайра жандандыруу үчүн ылайыктуу негиз табуу европалыктардын да, украиналыктардын да кызыкчылыгына жооп берет деп эсептейм", — деди Макрон.
Ал европалыктар буга "жакынкы жумаларда" жол табышы керектигин кошумчалады.
Июль айында Путин менен Макрон соңку үч жылда алгачкы ирет телефон аркылуу сүйлөшкөн. Эки өлкөнүн лидерлери Украинадагы жаңжалды, Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалууну, ошондой эле АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккуларын талкуулашкан. Тараптар Жакынкы Чыгыш боюнча позицияларды координациялоо үчүн байланышта болууну дагы макулдашышкан.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдиргендей, Путин менен Макрондун ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүү мазмундуу болду. Ал эми Елисей сарайына шилтеме жасаган France Press агенттигинин маалыматы боюнча, Париж Москва менен диалогду улантуу ниетин ырастаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа биримдиги Киевге 90 миллиард евро берет