БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. 20-декабрдан 22-декабрга чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Автоунаа жолдорунун төмөнкү тилкелеринде кооптуу абал сакталууда:
Бишкек — Ош жолунун 121–138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-74, 86-101-чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка — Ак-Таш жолунун 0-3-чакырымдары;
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65–110-чакырымдары;
Каракол — Эңилчек жолунун 45–90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу);
Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326–349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу).
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги транспорт каражаттарынын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмес сактоо зарылдыгын эскертет. Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда 112 номерине чалыңыз.