Трамп Венесуэладан АКШнын мунайга болгон укуктарын кайтарып берүүнү талап кылды

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек.— Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэладагы мунайга байланыштуу АКШнын укуктары кайтарылып берилиши керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Трамптын айтымында, бул укуктарды кезинде Вашингтондон "тартып алышкан".
"Бизден мунайга, жерге жана башка бардык нерселерге болгон укуктарды тартып алышты. Мунун баары ошол маалдагы президенттин окуяларга көз салбагандыгынан болду", — деген АКШ лидери.
Дүйшөмбү күнү The Wall Street Journal гезити АКШ Венесуэлага сокку урууга камынып жатканын жазган. Маалыматка ылайык, операциялар алгач кибермейкиндикте жүргүзүлөт. Анда борбор калаа Каракастын абадан коргонуу системаларын чектөө үчүн спутниктик байланыш басаңдатылышы мүмкүн.
Буга чейин АКШ президенти Венесуэланын жетекчилигин "чет өлкөлүк террордук уюм" деп жарыялап, аны активдерди уурдоо, террорчулук, баңгизат аткезчилиги жана адам сатууга айыптаган. Ал "уурдалды" делген мунайды, жерди жана каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылган.
Өз кезегинде Каракас Вашингтондун өлкөнүн жаратылыш ресурстарына болгон дооматтарын четке кагып, бул маселени Бириккен Улуттар Уюмунун кароосуна чыгаруу ниетин билдирди.
Ал арада журналист Такер Карлсон америкалык мыйзам чыгаруучуга шилтеме берип, Трамп бүгүн эртең менен улутка кайрылуу жасап, Венесуэла менен согуш башталганын жарыялашы мүмкүн экенин билдирген. Бирок АКШ президенти алдыдагы кайрылуусу экономикадагы жетишкендиктерге арналарын айткан.

Кариб деңизиндеги абал

Акыркы бир нече айда АКШ Куралдуу күчтөрүн колдонуп, баңгизат ташыды деп шектелген кайыктарды жок кылган учурлар катталган. Вашингтондун билдирүүсүнө ылайык, мындай операциялар трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизат соодасына каршы күрөшүү максатында жүргүзүлүүдө.
Мунун айынан эки тараптын мамилеси бир топ курчуп кетти. Ак үй ЦРУга Венесуэлада өкмөттү туруксуздаштыруу максатында жашыруун операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген. Венесуэланын президенти Николас Мадуро террордук уюмдарды АКШга баңгизат жеткирүү үчүн пайдаланат деп айыпталууда.
Reuters агенттиги америкалык аткаминерлерге таянып жазгандай, АКШ Венесуэлага каршы операциялардын жаңы этабын баштоого даярданып жатат, анын ичинде Мадурону бийликтен кулатуу мүмкүнчүлүгү да бар.
Декабрдын башында Пентагондун маалымат катчысы Кингсли Уилсон АКШ мындай сценарий боюнча план иштеп чыгып жатканын тастыктап, бул сыяктуу чечимдер башкы кол башчы катары Трамптын ыйгарым укугунда экенин белгилеген. Ошол эле учурда ал буга чейин колдонулуп жаткан аскердик күч эл аралык укукка шайкеш келерин айткан.
ЖМК: АКШ жакынкы күндөрү Мадурону бийликтен кулатууга аракет жасашы мүмкүн