19-декабрга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Эртең, жума күнү, айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология кызматы таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймактарында -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көлдө 0...+5 градус болот. Ал эми Нарында суук көбүрөөк сезилип, термометр -1...-6 градусту көрсөтөт.
Борбор калаада +2…+4, Ош шаарында +5...+7 градус болору айтылды.
Суук күчүндө эле болот. Январдагы аба ырайынын божомолу