БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеште жаңы депутаттардын биринчи жыйыны башталды.
87 депутат ишке киришип жатат. №13 округдагы шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам дагы үчөө кийинчерээк шайланат.
Эл өкүлдөрү БШК төрагасынан күбөлүк жана төш белги алган соң ант берип жатышат. Бул аземге президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышууда.
Белгилей кетсек, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Өлкө 30 округга бөлүнүп, ар биринен эң көп добуш алган үч депутат парламентке шайланды. Гендердик квота сакталды. Ага ылайык, бир округдан бир гана жыныстын өкүлдөрү депутат боло алышпайт.