Сариев: курулуш сектору — улуттук экономикадагы өсүштүн локомотиви

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстан бүгүн дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан экономикалардын бештигине кирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев курулуш секторун өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек столдо билдирди.
Ал белгилегендей, акыркы төрт жылда республиканын экономикасы туруктуу өсүүдө. 11 айдын жыйынтыгы боюнча, өсүш 10,2 пайызга жеткен. Бул — КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы экономикалык өсүштүн эң жогорку темпи.
"Кыргызстан дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан экономикалардын бештигине кирди. Жаңы жетишкендиктер биринчи кезекте ата мекендик ишкерлердин активдүүлүгүнүн арты менен болууда", — деди ал.
Сариев курулуш тармагы да маанилүү ролду ойногонун белгиледи. 11 айдын жыйынтыгы боюнча, курулуш секторунун өсүшү болжол менен 127 пайызды түзгөн.
"Бул — тармактык талдоодогу эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Курулуш жөнүндө кеп кылганда, экономиканын жалпы өнүгүүсү камтылат. Анткени аталган тармак курулуш материалдарын өндүрүү, транспорт, жасалгалоо жана инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу бир топ багыттарды камтыйт. Курулуш сектору бүгүнкү күндө улуттук экономиканын өсүшүнүн негизги локомотиви болуп саналат", — деди ал.
Жапаров: Кыргызстан экономиканын өсүшү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 3 өлкөсүнө кирди