Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Жогорку Кеңеште Кыргызстан парламентинин жаңы депутаттарынын биринчи жыйыны башталды.87 депутат ишке киришип жатат. Анын 58и эркек, 29у аял. №13 округдагы шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам дагы үчөө кийинчерээк шайланат. Эл өкүлдөрүнүн ант берүү аземине президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышууда.Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алса, 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылган. Шайлоого жалпы 460 талапкер катышкан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эки турак жай комплексинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчы алгач "Тянь-Шань бермети" турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салган. Комплекс 23 кабаттан 34 кабатка чейинки 11 блоктон турат. Анда 1 281 батир болору айтылды.Мындан тышкары, Касымалиев МИКтин "Теңир-Тоо жарыгы" турак жай комплексинин курулушуна дагы капсула салды. Анда 34 кабаттан турган 4 блок курулат. Жалпы 1064 батир болот. "Комплексте заманбап соода борбору жана улуттук стилде курулган мейманкана камтылат. Соода борбору күнүмдүк муктаждыктарды канааттандыруудан тышкары, шаар тургундары үчүн эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн да сунуштайт. Ал эми улуттук мейманкана кыргыз элинин маданий мурастарын жана салттуу архитектуралык элементтерин заманбап чечимдер менен айкалыштырып, аймакка өзгөчө көрк берет", — деди төрага.
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна барган учурда билдиргенин министрлик маалымдады.Анын айтымында, айрыкча балдар үчүн өмүргө зарыл дары-дармектерди сатып алууда үзгүлтүк, ачык эместик жана натыйжасыздык болбошу керек. Комиссия дары-дармек менен камсыздоо системасын комплекстүү талдап, анын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
Беларустун президенти Александр Лукашенко АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжал улана берсе өлкө картадан жок болуп кетет деген көз карашты колдойт деген ойдо экенин билдирди. Бул тууралуу ал америкалык Newsmax TV телеканалындагы маегинде билдирген. Ал жаңжалдын уланышы Украинанын өзүнө да жакшылык алып келбей турганын белгилеген. "Эгер Украина Россияны жеңе алам деп эсептеп, согушууга даяр болсо, анда согуша берсин. Менин оюмча, мындан ары да ушундай согуша берсе Украина картадан биротоло жоголуп, жашоосун таптакыр эле токтотот", — деген ал. Беларусь президентинин айтымында, Европа Зеленскийге согушууга жардам беребиз дегени менен буга каражаты жок экенин белгиледи.