Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украинадагы жаңжалдын соңу көрүнүп калганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 16–дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина аймактарынан кол жууганын айтып, кризистин түйүнү чечилгени калганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал кырдаалды жөнгө салууда чоң жылыштар бар экенин айткан. Айрыкча Москва да кырдаалды жөнгө салууга умтулуп жатканын баса белгилеп, тараптар орток позиция табарына ишеним арткан.
"Азыр биз жаңжалды аягына чыгарууга мурда-кийин болуп көрбөгөндөй жакындадык. Россия деле, Украина деле маселеге чекит коюуну каалап жатат. Бирок кайра эле ойлорун өзгөртүшү мүмкүн. Ошондуктан биз аларды бир пикирге келүүгө мажбурлашыбыз керек", — деген АКШ лидери.
Трамп РФ президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн, бирок ал качан болгонун тактаган эмес. Ошондой эле ал Германияда болгон тынчтык процесси боюнча акыркы жолугушууларды абдан жакшы деп баалаган.
Жекшемби күнү Берлинде АКШ – Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрү өтүп, анда 20 пунктудан турган план, экономикалык жана башка маселелер талкууланган.

АКШнын тынчтык планын талкуулоо

2025-жылдын 22-ноябрында РФ лидери Владимир Путин Кремлде Трамптын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнерди кабыл алган. Алар Американын тынчтык демилгесин беш сааттай талкуулап, мунасага келген вариантты табышкан эмес.
Путиндин айтымында, АКШ тарап 27 пунктудан турган планды төрткө бөлүп, ар бирин өзүнчө талкуулоону сунуш кылган. Ал ар бирин карап чыгып, "Москва макул болбой турган жерлери бар экенин" белгилеген.
Зеленский дүйшөмбүдө Британияга аттанып, америкалык планды британ премьери Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон жана Германия канцлери Фридрих Мерц менен талкууламакчы болгон. Украина ЖМКлары жыйынтыгында алар аймакты берүү маселеси боюнча кайрадан баш тартышканын жазган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн жагдайлары белгилүү болду